Караколдо зомблукка каршы акция өтүүдө. Бул тууралу “Азаттыка” Кызыл Ай коомунун координатору Анара Абдразакова билдирди. Анын айтымында, кыз ала качууга каршы болгондор бүгүнкү иш-чарага катышып, пикирин атайын китепчеге жазып калтырууда.
Укук коргоочулардын айтымында, жылына Кыргызстанда он миңден ашуун кызды ала качып, турмушка чыгууга мажбурлашат, зордукташат. Бирок кийин алардын жарымы ажырашып кетет. Ызасынан өз жанына кол салган учурлар дал ушул Каракол шаарында бир нече жолу катталган.
18-октябрда Жогорку Кеңеш ала качкандарды кылмышкер деп таап, 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун экинчи окулушта кабыл алды. Эми үчүнчү окуу калды. (RK)