Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Ирандын учагы АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагын атканы ачыкталды


АКШ тараптын айтымында, окуя Перс булуңундагы эл аралык аба мейкиндикте 1-ноябрда болгон. Ирандын орусиялык өндүрүштөн чыккан “Су-25” үлгүсүндөгү эки аскерий учагы бир нече ирет ок чыгарышкан.

Бирок учкучсуз башкаруудагы учагы жабыр тарткан эмес, өз базасына кайтып келген.

Пентагондун жогорудагы маалыматты ырастаган жана ачыктаган өкүлү Жорж Литл окуяны Иран тараптын согуш аракети катары баалоого болобу же жокпу деген суроону комментарийлөөдөн баш тартты.

Бирок америкалык расмий өкүлдөр иран тарап окту эскертүү эмес, учакты атып түшүрүү максатында чыгарган деген жоромолдун үстүндө иштеп жатканын белгиледи:

- АКШ тарап ирандыктарга Перс булуңундагы эл аралык суулардын үстүнө кезөмөл учуулары көп жылдык практикага жана биздин аймактагы коопсуздук боюнча милдеттемелерибизге ылайык улантыла берерин кабарлады. Бизде аймактагы аскерий активдерибизди, күчтөрүбүздү коргоонун дипломатиядан тартып аскерийге чейинки көп жолдору бар, ал үчүн зарыл чаралардын баары көрүлөт.

АКШнын жарыясына карата Иран тарап азырынча жооп бере элек. (UE)

XS
SM
MD
LG