Мамлекеттик маалымат каражаттарынын расмий өкүлдөргө шитеме жасап кабарлашканына караганда, ушул бейшембиден бери эле Түркияга мекениндеги уруштан качкан кеминде 5000 сириялык ооп келди.
Алардын арасында армиянын 26 офицери, анын ичинде эки генералы бар.
Түркиянын “Анадолу” жаңылыктар агенттиги белгилегендей, бул - президент Башар Асаддын режиминен армиянын офицерлери мынчалык көп санда качкан биринчи учур.
Азыркыга чейин Түркия өз аймагында сириялык 112 миңдей качкынга башпаанек берген эле.
Бул аралыкта Сирия президенти Башар Асад Орусиянын англис тилдүү Russia Today телеканалына берген интервьюсунда өзү менен элдин ортосунда көйгөй жок деп ырастады:
- Көйгөй мени менен элдин ортосунда эмес. Менин эл менен эч талашым жок. Бирок АКШ, Батыш мага каршы, көптөгөн араб өлкөлөрү, анын ичинде, араб эмес Түркия, албетте, мага каршы.
Түркия Асадды бийликтен кетүүгө бир топтон бери үндөп келет.
Активисттердин эсебинде, Сирияда козголоң башталган былтыр марттан бери 30 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)