Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

ЖККУ Ооганстандагы кырдаалды талкуулады


Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгарылгандан соң кырдаал курчуп кетсе, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөр кандай чараларды көрүүсү керектиги кечээ Москвадагы жыйында талкууланды.

Уюмдун башкатчысы Николай Бордюжанын кеңешмеде белгилегенине караганда, Ооганстандын көйгөйлөрү ЖККУнун Борбор Азиядагы өлкөлөрүнүн чек арасына жайылып кетпеш үчүн тараптар алдыда өз аракеттерин координациялоосу талап кылынат.

Бордюжа кошумчалагандай, эми уюмга мүчө өлкөлөр Ооганстанда чет элдик аскерлер чыгарылган кезде алар КМШ аймагын транзит катары колдонуусу боюнча маселени 3-декабрга мерчемделген жыйында карамакчы.

АКШ буга чейин жарыялаган стратегияга ылайык, анын жана НАТО боюнча өнөктөштөрдүн аскерлери Ооганстандан 2014-жылдын аягына карата чыгат.
(UE)

XS
SM
MD
LG