Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:49

Бишкекте ишкерлик жумалыгы белгиленүүдө

Бишкекте глобалдык ишкердик жумалыгынын алкагында Startup Weekend деп аталган иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу аны уюштурган Борбор Азия эркин базар институтунан билдиришти.

9-ноябрда башталган иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынын келген 100гө жакын жаш ишкер катышууда. Алар үч күн бою бизнес баштоо, ишкерликтин жол-жоболору боюнча белгилүү ишкер жана адистердин дарстарын угуп, чет өлкөнүн тажрыйбалары менен таанышат. Ошондой эле өз ишин баштоо боюнча долбоор сунушташат. Эң мыкты долбоор сунуштаган 3 ишкерге аны ишке ашыруу үчүн Борбор Азия эркин базар институту акчалай жардам көрсөтөт.

Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө 12-ноябрдан 18-ноябрга чейин ишкердик жумалыгы белгиленет. (BkA)
​
XS
SM
MD
LG