Кыргыз-тажик чек арасында, Оштун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылындагы бажы бекетинде ушу тапта ондогон оор жүк ташуучу унаа Тажикстан тарапка өтө албай жатат. Ал жактагы айдоочулардын бири Улан Баяналиевдин айтымында, Кыргызстан тарапта эки жүздөй автоунаанын турганына бир жума болду. Айдоочулар документтеринин баары жайында болгонуна карабастан, бажы постунун кызматкерлери себебин түшүндүрбөстөн өткөрбөй жатканын айтышууда.
Ал эми Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаевдин түшүндүрмөсүндө, бул унаалар Кыргызстан менен Тажикстан 2007-жылы кабыл алган эл аралык каттамдар боюнча келишимдин негизинде өткөрүлбөй жатат. Келишимге ылайык, бажы тосмосу аркылуу жогорудагы эки өлкөнүн жүктөрүн гана өткөрүү каралган. Ал айдоочулар Кытайдан жүк ташып келе жатканы үчүн өткөрүлбөй жатканын билдирди.(BkA)