Ирак Орусиядан курал-жарак жана аскердик техника сатып алуу жөнүндө жалпы суммасы 4 миллиард долларды түзгөн келишимден баш тартты. Ирактын премьр-министри Нури ал-Маликинин маалымат катчысы мындай чечим «корруция менен байланышкан кооптонуудан» улам кабыл алынганын билдирди.
Аскердик техника алуу туурарлуу макулдашууга Ирак премьери өткөн айда Москвага келгенде кол койгон. Макулдашууга кол коюлгандан кийин ирак өкмөтү аскердик жайларда текшерүүлөрдү жүргүзө баштаган жана келишимден баш тартууга түрткү болчу фактылар аныкталган. Ирак бийликтери коррупциялык иштер үчүн кимден шек санап жатканын премьердин маалымат кызматы ачыктаган жок.
Ирак парламентинин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Багдад Москва менен заманбап техника алууну сүйлөшүүгө ниеттенип турганын айтты.
Багдад баш тарткан макулдашуу боюнча Орусия Иракка МиГ-29 учактары менен абадан сокку уруудан коргонуучу "Панцирь" системасын сатмак.