Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

АКШ сириялык качкындарга 34 миллион доллар көмөк көрсөтөт


Кошмо Штаттар согушта үй-жайын таштап качып чыккан сириялыктарга бере турган жардамдын жалпы көлөмү - 165 миллион доллардан ашуун. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө чукул арада жылуу кийим-кече, жууркан сыяктуу гуманитардык көмөк кышка карата сириялык качкындарга жеткирилет.

Улуттар Уюмунун маалыматында соңку күндөрү эле 11 миңге чукул киши Түркиянын аймагына өткөн. Ушул тапта Түркия, Ливан, Ирак жана Түндүк Африканын өлкөлөрүндө согуш жүрүп жаткан аймактардан качып чыккан 400 миңге чукул сириялыктар баш калкалоодо.

XS
SM
MD
LG