14-ноябрда Жогорку Кеңеште камактагы депутат Нариман Түлеевдин кармалуусунун мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы угузулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
21-июнда Нариман Түлеев камакка алынгандан кийин ага карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияга төрт фракциядан бирден депутат мүчө болгон. Ага “Ата Мекен” фракциясы катышуудан баш тарткан. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы июлда эле чыккан, аны кароого эки добуш жетпей парламент эс алуудан келгенден кийинкиге калган. Комиссиянын андан берки иши тууралуу депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов айтып берди:
- Каникулдан кийин комиссияга Нариман Түлеевге козголгон башка иштерди кошуп, депутат Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун кошо текшерүү тапшырылган. Андан кийинки кошумча иштерди кошо териштирип, баарын бүттүк. Парламенттик угууга сунуштаганыбызга 2-3 жума болуп калды.
“Ата Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп иштеген учурда коррупцияга аралашкан деген шек менен 21-июнда тергөө абагына алынган. Андан кийин үй камагына бошотулуп, кайра башка кылмыштарга шектелип, 15-ноябрга чейин камалган. Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев 12-ноябрда анын иши сотко өткөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди. (AKu)