Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Оштогу "Жаштар кэмпине" 900гө чукул адам келди


Эки күндөн бери Бишкек жана Ош шаарларында бейөкмөт уюмдар уюштурган “Жаштар кэмпи” өтүп жатат. Мындай иш-чарада ийгиликтүү адамдар же уюмдар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, формалдуу эмес шартта баарлашат.

Ошто өтүп жаткан баарлашууга эки күндө 900гө чукул жаш келгенин Youth of Osh уюмунун өкүлү Акмарал Сатинбаева билдирди.

- Быйыл иш-чара төрт багытта өтүп жатат. Биринчиси, жаштар үчүн ишкерлик тууралуу, экинчиси, коомдук активдүүлүк тууралуу, үчүнчүсү, маданият жана акыркысы, инновациялык билим алууга багытталган. Ушул тармакта чыгып сүйлөй тургандарды чакырганбыз. Алар Ош, Бишкек шаарларынан жана аймактардан келгендер.

Оштогу жаштар менен жолугушууга мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун басма сөз катчысы Султан Канназаров, алып баруучу Эркин Рыскулбеков, чет элдик мультфильмдерди жана кинолорду которгон Жыргалбек Ажыматов жана башкалар келди. Айрымдары ишкерлик, айрымдары чет жакта билим алууга жол ачкан программалар, дагы башкалары убакытты туура колдонуу тууралуу айтып беришти. (AKu)

XS
SM
MD
LG