Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Шашылыш билдирүү


12-ноябрда түнкүсүн жана 13-ноябрда жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгалак болуп, тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Дыйканчылык аймактарда 13-ноябрда абанын темперуатурасы -5 ... 0, тоолуу жерлерде -10...-5 градуска чейин төмөндөйт.

Синоптиктер мындай аба ырайы энергетика, транспорт жана байланыш түйүндөрүнүн ишин оорлотот деп эскертүүдө.

Аба ырайы

12-ноябрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, түндүгүндө 0...5, күндүз 9...14,
Талас облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз 8...13,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 10...15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...+5, чыгышында -3...+2, күндүз 10...15,
Нарында түнкүсүн -6...-1, күндүз -5...0,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -10...-5, күндүз -5...0,
Тоолордо түнкүсүн -12...-7, ал эми күндүз -5...0 болот.

Бишкекте күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы, түнкүсүн 6...8, күндүзү 11...13 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG