Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Эрнесто Инаркиев Кыргызстанда


Гроссмейстер, кыргызстандык шахматчы Эрнесто Инаркиев бүгүн Бишкектеги шахмат клубунда 5 жаштан 13 жашка чейинки балдар менен жолукту. Ондогон балдар менен бир учурда ойноп, өзгөчөлөнгөн жеткинчектерге белектерин тапшырды.

Эрнесто Инаркиев 1999-жылы Кыргызстандын атынан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болгон. Кийин Калмык Республикасынын президентинин чакыруусу менен Орусияга көчүп кеткен. 2001-жылы Орусиянын атынан чыгып, 16 жашка чейинкилердин арасында Европа чемпиону, 2002-жылы 20 жашка жашка чейинкилердин арасынан Орусиянын чемпиону болгон. (KMa/AKu)

XS
SM
MD
LG