Грузиянын мурдагы вице-премьери Амиран Кадагишвили, монархисттер партиясынын лидери Темур Жоржолиани баштаган 57 киши, анын ичинде аялдар менен жашы эрезеге жете элек балдар мөөнөтүнөн эрте абактан бошотулду.
Жаза өтөө министри Созар Субари бошотулгандардын арасында 1 кг жаңгак уурдап, 14 жылга абакка кесилген өспүрүм бардыгын айтты. Министрдин айтымында, абактарда отурган бардык адамдардын өкүмдөрү кайра каралат.
Мурдагы вице-премьер Кадагишвили 2004-жылы, монархисттердин лидери Жоржолиани 2006-жылы мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген деген айып менен кесилген.