Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Ооганстанда аскер кийимчен киши НАТО аскерин өлтүрдү


НАТОнун билдиришинче, ооган армиясынын формасын кийген киши Ооганстандын түштүгүндө НАТО баштаган Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрүнүн мүчөсүн атып салды. Аталган күчтөрдүн маалымат катчысы Хаген Мессердин сөзү боюнча, кол салган адам чындыгында да Ооганстандын коопсуздук күчтөрүндө кызмат кылганы аныктала элек. Кол салган киши камакка алынды, ал өтүргөн НАТО аскери кайсы өлкөдөн экендиги тууралуу маалымат берилген жок. Ал арада Гелман дубанынын акиминин маалымат катчысы Мохаммад Зарак ооган аскери менен чет элдик күчтөрдүн ортосундагы чатактан кийин Над Али ооданында атышуу чыкканын кабарлады. Ушул күнгө карата НАТОнун аз дегенде 57 аскери ооган аскери деп шектелген адамдар тарабынан өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG