Ирактын Акыйкаттык министринин маалымат катчысы Хайдар ал-Саади билдиргендей, жогорку жазага тартылгандардын арасында Египеттин да жарандары бар. Катчы кандай кылмыштар тууралуу сөз болуп жаткандыгына токтолгон жок. Иракта өлүм жазасына тартуу адатта дарга асуу аркылуу жүргүзүлөт. Өлүм жазасына тартуу боюнча Ирак былтыр Кытай, Иран, Сауд Аравиядан кийинки эле төртүнчү орунду ээлеген.