Израил армиясынын маалымат катчысы Авитал Лейбовичтин кечээ жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, замбиректен атылган октор Израилдин өзүн бутага албаганы түшүнүктүү болсо да, Израил эскертүү иретинде Сирияны аткылады. Лейбович ошондой эле бул окуя боюнча Бириккен Улуттардын каналы аркылуу арыз жөнөтүлгөнүн бышыктады. Жекшембидеги окуя Сириядагы жаңжал аймактагы башка өлкөлөргө да тарап кетпейби деген кооптонуу улам күч алып жаткан мезгилге туура келди. Бул күнү Сириянын түштүк-чыгышындагы Ирак менен чек арага жакын Ал-Букамал жана Түркия менен чек арадагы Рас ал-Аинди аткыланды.