Бүгүн Биринчи Май райондук соту мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго өкүм чыгаруусу күтүлүүдө. Буга чейин сот иши 31-октябрга белгиленип, бирок Сабиров менен бирге айыпталып жаткан жардамчысы Тахир Мырзакметовдун адвокатынын келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.
Маалыматтарга караганда, бүгүнкү сот жараянында экс-министр көрсөтмө берет. Мурунку сот жараяндарында мамлекеттик айыптоочу Равшан Сабировду 15 жылга, анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну сураган.
Айыпталуучу жана анын жактоочусу муну жүйөөсүз айыптоо деп билдиришүүдө.
Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго Башкы прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июль күнү камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Экс-министр менен анын орун басары Гүлнара Дербишевага чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылууда. (BkA)