Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:44

Эл акыны Жалил Садыковдун 80 жылдыгы белгиленет


Бишкекте Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун 80 жылдыгы белгиленет. Буга карата шейшембиден тарта Улуттук китепканада анын китептеринин көргөзмөсү ачылат. Анда жазуучунун чыгармалары, макалалары окурмандардын назарына тартууланат. Көргөзмөгө чыгармачылык интеллегенция өкүлдөрү, студенттер, мектеп окуучулары катышат.

Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыков 1932-жылы Кемин районунда туулган. Ал “Манастын уулу Семетей” драмасы, “Убада”, “Боз торгой” аттуу ыр жыйнактары менен окурмандардын калың катмарына белгилүү. Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири болгон Жалил Садыков 20120-жылы дүйнөдөн кайткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG