Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Тамчы айылында 600 гектар жер күйүп кетти


Ысык-Көл районундагы Тамчы айылына жакын жердеги талаада чыккан өрттөн куураган чөп жана бадалдар күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүдө министрликтин куткаруучуларына жергиликтүү тургундар жардам беришти.

Дем алыш күндөрү Кыргызстан боюнча 39 өрт учуру катталды, алардын бири - Ош шаарында автоунаа күйүп, өрттү өчүрүү жарым саатка созулган. Натыйжада унаанын ичинен 26 жаштагы айдоочунун сөөгү табылды. Учурда өрттүн чыгуу себеби аныкталууда деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG