Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Жогорку Кеңештин алдында митинг өтүп жатат


Ак үйдүн темир тосмолоруна “Саясатчылар, саясий оюнуңарды токтоткула!”, “Кумтөр –элдин байлыгы, ал качан элдики болот?” деген жазуулар жазылган чакырыктар илинген. Митингди өздөрүн “Элдик-патриоттук кыймыл” деп атаган топ уюштурууда. Кыймылдын башчысы Нурлан Мотуевдин айтуусунда, бүгүнкү нааразылык иш-чарасына катышуучулар өлкөнүн бардык аймактарынан келишкен. Алар саясий туткундарды бошотууну, жаңы Башмыйзам кабыл алууну, парламентти таратып, жаңы шайлоо дайындалышын, пайдалуу кен байлыктарды улутташтыруу жана бир улуттук идеология түзүү тууралуу талаптарын коюшат дейт Нурлан Мотуев.

Аянтта жүргөн кабарчыбыз азыр митингчилер президент менен Жогорку Кеңеш депутаттарынын чыгышын да талап кылып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG