Өткөн жумадан бери ВИЧ илдетине кабылган балдарына жөлөк пулду көбөйтүү, турак-жай маселесин чечип берүү талабы менен Ак үйдүн алдына чыгып жаткан энелер бүгүн түндө да бул жерден кетпей турганын билдиришүүдө. Алардын аянтта жүргөн кабарчыбызга билдиришинче, энелер менен бийлик тараптан эч ким чыгып жолуккан эмес. Алар талаптары аткарылмайынча аянттан кетпей турганын айтышты. Митингге катышып жаткан аялдардын кичинекей балдары да кошо жүрүшөт.
Ак үйдүн алдына митингге чыккан аялдардын балдарына ВИЧ илдети 2007-2009-жылдары Оштогу медициналык мекемелерде жуккан. Буга жоопкер деп эсептелген медицина кызматкерлери шарттуу түрдө жоопко тартылышып, айрымдары кайрадан медицина тармагында ишин улантып жатканы белгилүү. (MiT:ZKo)