ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга ушул түнү келип түшкөн. Ал расмий эмес иш сапарынын алкагында өлкө башчысы, тышкы иштер министри жана коргонуу кеңешинин катчысы менен жолугаары кабарланууда. Жолугушуулар учурунда ЖККУнун 14-15-декабрында боло турган саммитине даярдык тууралуу сөз болмокчу. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” билдирди.
Өткөн апта соңунда Москва шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү Ооганстандагы кырдаал тууралуу талкууга чогулушкан.(ZKo)
Өткөн апта соңунда Москва шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү Ооганстандагы кырдаал тууралуу талкууга чогулушкан.(ZKo)