Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:21

Грецияда эмки жылдын бюджети жактырылды


Греция парламенти 2013-жылдын бюджетин кабыл алды. Анын алдында мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу жана салыктарды көтөрүүгө жол ачкан жобо көптөгөн талаш-тартыштардан кийин жактырылган. Мындай чаралар финансылык жардам алуу үчүн негизги шарт катары коюлган. Бүгүн Брюсселде евро мейкинидикке кирген 17 өлкөнүн финансы министрлери жыйын өткөрүп, Грециядагы абалды талкуулашмакчы. Бирок Германиянын финансы министри Волфганг Шойбле белгилегендей, кредиторлор Грецияга бөлүнгөн карыздын кезектеги траншын жактырууга шашылышпайт.

XS
SM
MD
LG