Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:42

Карзай Индиядан инвестиция тартууну көздөйт


Ооган президенти Хамид Карзай Делиде Индия премьер-министри Манмохан Сингх менен кездешти. Дем алыш күндөрү Карзай Мумбаиде Индиянын алдыңкы бизнесмендерине кайрылып, эки өлкө ортосундагы соода алакаларын өөрчүтүү үчүн Ооганстан көбүрөөк инвестицияларды кабыл алууга даяр деп билдирген. Индия Ооганстандын ири донорлорунун бири. Дээрлик 2 миллиард доллар каражат чоң жолдорду салуудан баштап ооган парламентинин имаратын куруу жана башка долбоорлорго сарпталган. Индия жетекчилиги ишкерлерин Ооганстанга көбүрөөк инвестиция жасоого үндөп келатат. Бул – Батыш аскерлерин чыгарып кеткенден кийин өлкөнү стабилдештирүүгө жардам бермекчи.

XS
SM
MD
LG