Орусия президенти Владимир Путин жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча президенттик кеңештин жаңы мүчөлөрүн бекитти. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, анын курамынан 15 киши – Светлана Ганушкина, Елена Панфилова, Алексей Симонов жана башкалар чыгарылды. Кеңешке азыр 39 адам кирет. Алардын ичинде белгилүү укук коргоочу активисттер менен журналисттер бар. Кеңештин төрагасы Михаил Федотовдун айтымында, талапкерлер коомдук талкуулар жана интернеттеги добуш берүү аркылуу шайланды. Кеңеш президентке адам укуктарынын сакталышын кепилдөө жаатындагы ишин алып барууга көмөк берүүнү көздөйт. Былтыркы президенттик шайлоодон кийин анын бир катар белгилүү мүчөлөрү өз ыктыяры менен кеңештен чыгып кетишкен.