Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргыз президенти ЖККУ баш катчысын кабыл алды


Жолугушууда ЖККУнун Баш катчысы Николай Бордюжа президент Алмазбек Атамбаевге декабрь айында боло турган саммитке даярдык тууралуу маалымат берди. Ага ылайык саммиттин аягында Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылуу милдетин Казакстандан өткөрүп алат. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнөн маалымдашкандай, жолугушууда уюмдун алкагында чогуу кызматташуу боюнча башка дагы бир катар маселелер талкууланган.

9-ноябрь күнү Москва шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин, Коргонуу кеңештеринин өкүлдөрү чогулуп, Ооганстандагы кырдаал, андан уюмга мүчө өлкөлөргө тийүүчү таасирлер тууралуу талкуулашкан.

ЖККУ 2002-жылы түзүлгөн. Уюмга жети мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. Өзбекстан мурда мүчө болуп жүрүп, быйыл уюмдан чыгып кетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG