Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

НАТО баш катчысы Грузиядагы кырдаалга кабатыр


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Грузияда парламенттик шайлоодон кийин болуп жаткан окуяларга камтамасын билдирди. Альянстын парламенттик Ассамблеясынын Прагадагы пленардык жыйынында сүйлөгөн Расмуссен атап айтканда саясий оппоненттердин камакка алынып жатышы тынчсыздандыруу жаратаарын белгиледи.

Жума күнү Грузиянын соту куралдуу күчтөрдүн биргелешкен штабдарынын командачысы Гиорги Каландадзе жана армиянын генералы Зураб Шаматаваны күрөөгө бошоткон. Бирок мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалаяны абакта калтырды. Үчөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп өткөн аптада камалган. Жана үчөө тең президент Михаил Саакашвилинин командасында иштеген. 1-октябрдагы парламенттик шайлоодо президенттин партиясы жаңы премьер Бидзина Иванишвилинин Грузия кыялы коалициясына утулуп калган.

Прагадагы жыйында НАТОнун парламенттик ассамблеясынын төрагасы Карл Ламерс Борбор Азиянын стратегиялык маансиин белгилей кетти:

- Борбор Азия биз үчүн стратегиялык жактан абдан маанилүү. Аталышы эле айтып тургандай – бул регион борбордук, эзелтен эле ушундай болчу жана келечекте да ошол бойдон кала бермекчи.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Исаков менен Турсунбай Бакир уулу да катышууда.

XS
SM
MD
LG