Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңешинин төрагасы өз өлкөсүндөгү элдешүү жараянын талкуулоо үчүн кошуна Пакистандын баш калаасына келүүдө. Салахуддин Раббани Исламабадда 3 күндүк сүйлөшүү жүргүзүп, Пакистан өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү менен жолугушмакчы, - деп билдиришти Ооганстандын Пакистандагы элчилигинен "Азаттыкка".
Төрага Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Хардын чакыруусу менен келүүдө. Буга чейин анын визити эки жолу үзгүлтүккө учураган.
Ооганстандагы тынчтык процесси Кабул өкмөтү менен Талибан лидерлери ортосундагы сүйлөшүүлөргө көз каранды. Ал эми талиптердин айрым жетекчилери Пакистанда жайгашкан.