Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:26

Жаңы-Өзөн окуясы боюнча дагы бир жетекчи соттолду


Казакстан соту Маңгыштау облусунун губернатор орун басарын 12 жылга түрмөгө кести. Кызыл-Ордо шаарында өткөн сотто Амангелди Айткулов кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана пара алгандыгы үчүн айыптуу деп табылды. Ал былтыр 16-17-декабрь күндөрү Жаңы-Өзөн шаары жана Шетпе станциясында болгон кандуу окуяларга байланыштуу камалган. Мунайчылардын иш таштоосунан кийин тутанган нааразылык акцияларында кеминде 17 киши набыт кетип, 100дөн ашууну жарадар болгон.

Сентябрда Жаңы-Өзөндүн экс-мэри Орак Сарбопеев 10 жылга өкүм кылынган. Ошол эле айда анын алдында бул кызматты аркалап келген Жалгас Бабаханов мунай компаниясынын каражатын максатсыз пайдалангандыгы үчүн 2 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG