Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Британия: радикал диниятчынын арызы канааттандырылды


Прокурорлор ал-Каида террор тобунун Европадагы башкы өкүлдөрүнүн бири деп мүнөздөгөн радикал исламчынын Британиядан Иорданга депортациялоо чечимине каршы арызы канааттандырылды. Теги палестин, Иордандын жараны Абу Катада Иорданда бомба чабулдарын уюштурган деп сыртынан соттолгон эле. Ага Британияда эч качан айып коюлган эмес, ошого карабастан 2002-жылы камакка алынгандан бери ал бир нече жолу узак мөөнөт абакта отурду. Британиянын иммиграция трибуналы дүйшөмбүдө Абу Катада Иорданда акыйкат сотто соттолоору күмөн болгондуктан аны Иорданга депортациялоо мүмкүн эмес деп тапты. Британ өкмөтү бул чечимди апелляцияга бергени жатат. Сот диниятчыны катаал шартта бошотууга өкүм чыгарды жана ал шейшемби күнү эркиндикке чыгаарын айтты. Өткөн айда Британия дагы бир радикал исламчы Абу Хамзаны АКШга депортациялаган эле.

XS
SM
MD
LG