Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:11

ЕБ Украинадагы шайлоонун кемчиликтерин айтты


Европа Биримдиги Украинада 28-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуш саноо кечеңдеп, дагы башка кемчиликтер болгондугун маалымдады. Биримдиктин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон жана жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча комиссары Стефан Фюле биргелешкен билдирүүсүндө «шайлоодон кийинки эреже бузууларга, анын ичинде шайлоо комиссиясынын ишинде айкындуулуктун болбогондугуна» тынчсыздануу билдирдишти. Европа Биримдиги ошондой эле шайлоого чейинки даярдыкка жана добуш берүүнүн өзүнө байланыштуу сын пикирин билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган жыйынтыктоочу бүтүмгө ылайык, президент Виктор Януковичтин "Региондор" партиясы жана анын шериктери парламентти көзөмөлдөгөн бойдон калды.

XS
SM
MD
LG