Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

АКШ БУУнун Адам укуктары кеңешине кайра шайланды

Бириккен Улуттардын Башкы Ассамблеясы 47 мүчөлүү кеңешке дагы 17 өлкөнү шайлады. Женевада жайгашкан бул көзөмөл уюмунун мүчөлөрүн шайлоодо АКШ «Батыш Европа жана башкалар» деп аталган аймактык топко кирүүнү каалагандар арасында эң көп добуш алды. 193 мамлекет мүчө болгон кеңешке Германия менен Ирландия да мүчө болуп калды. Аргентина, Бразилия жана Венесуэла тоскоолдуксуз өтүштү. Африкадан Пил Сөөгүнүн Жеээги, Эфиопия, Габон, Кения, Сиерра Леон, Азия-Тынчтык мухити аймагынан Жапония, Казакстан, Пакистан, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Чыгыш Европадан Эстония менен Черногорие добушка салынганда каршылыкка туш келип, бирок акыры электен өтүп, Адам укуктары кеңешине мүчө болуп калышты. Азыркы кеңеш мүчөлөрүнүн кызмат мөөнөтү соңуна чыккандан кийин, жеңүүчүлөр 1-январдан тартып ишке киришет.
XS
SM
MD
LG