Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

ВИЧке кабылган балдардын энелери митингин улантат


7-ноябрдан бери Ак үй алдында митингге чыгып жаткан балдары ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган энелер балдары менен бүгүн да акциясын улантканы жатышат. Алар айыкпас илдетке кабылган балдарына жөлөк пулду көбөйтүү, турак-жай маселесин чечип берүү талабын коюшууда.

Энелердин айтымында, нааразылык акция башталгандан бери бийлик өкүлдөрү эч көңүл бурган жок. Алар талаптары аткарылмайынча аянттан кетпей турганын айтышууда.

Ак үйдүн алдына митингге чыккан аялдардын балдарына ВИЧ илдети 2007-2009-жылдары дарыгерлердин шалаакылыгынан Оштогу ооруканаларда жуккан.

XS
SM
MD
LG