Ош шаарында алты жаштагы кыз өрт кырсыгында жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, өрт ширеңке күйгүзүп ойногондон чыккан. Амир-Темир кичи районундагы Тажикстан көчөсүндө жайгашкан 50-үйдө жашаган алты жаштагы Мавлюда Салымкамалова бетинен, төшүнөн, колдорунан 25 пайыз үчүнчү даражадагы күйүк алды. Жабыркаган кыз азыр Ош облустук ооруканасында.
Жалпысынан өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. (RK)
Жалпысынан өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. (RK)