Бүгүн Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы соода жана экономика министрлеринин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Көп тараптуу кызматташтык боюнча мурда кабыл алынган программанын аткарылышы, былтыркы жылдын жыйынтыгы талкууланат. Жакынкы келечекке карай "жол картасы" иштелип чыгат.
Аймактагы коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУга алты өлкө мүчө. Алар - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан. (RK)
Аймактагы коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУга алты өлкө мүчө. Алар - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан. (RK)