Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Аксакалдар Ак үйдү айланат


"Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлеринин бошотулушун талап кылып парламент алдына минтингге чыккан аксакалдар Жогорку Кеңеш имаратын жөө басып айланып чыкмай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" нааразылык акциясынын уюштуруучулары кабарлады. Күндүн суугунан үшүп кеткен митингчилер катар-катар тизилип алып, үн катуулаткычка сүйлөп Ак үйдү айланып чыгат.

Бул митинг кечээ башталган. Анын катышуучулары ошол жерге туруп алып намазга жыгылган. Азырынча парламент өкүлдөрүнөн депутат Жылдызкан Жолдошевадан башка эч ким аларга чыга элек.

3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен "Ата-Журттан" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 3-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Митингчилердин айтымында, акцияга 200-500 киши катышууда. Ал эми ошол жерде коопсуздукка көз салып турган милициянын маалыматы боюнча, чогулгандардын саны мындан кыйла азыраак - жүздөй киши. (RK)

XS
SM
MD
LG