Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:40

UNICEF Бишкекте жыйын өткөрөт


Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду (UNICEF) Бишкекте эл аралык жыйын өткөрөт. Ага аталган уюмдун 22 өлкөдөгү өкүлдөрү келип катышат. Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушууда UNICEFтин аймактык директору Мари-Пьер Пуарье айым билдирди. Жыйында бул уюмдун ишине байланыштуу айрым орчундуу маселелер талкууланып, пландар аныкталат.

Жантөрө Сатыбалдиев UNICEF 2010-жылдагы июн окуясынан кийин берген жардамы үчүн ыраазылык айтты. Кызматташууну мындан ары да улантуу керек экенин билдирди.

UNICEF өкүлү Кыргызстанда социалдык маселелерди чечүүгө жакшы аракет бар экенин айтып, өлкөдөгү "Балдар кодексин" жаңылаш керектигин кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG