Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Партиялардын шайлоого коротуп жаткан акчасы эсептелди


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңеш шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүт иштерине короткон акчасы тууралуу маалымат таратты.

9-ноябрга карата эң көп акча короткон партия деп социал-демократтар аталды. Алардын шайлоо фондуна 14 миллион сом акча топтолгон. Анын 13 миллиондон ашыгы сарпталып бүттү. Алардан кийин "Ата Мекен" партиясы келатат - 8 миллионунун 7 миллиону коротулду. Үчүнчү орунда "Республика". Ал өзүнүн шайлоо фондуна 7 миллион сом топтой алган, дээрлик баардыгын пайдаланып бүттү. "Замандаш - Совеременник" төртүнчү орунда. Анын чогулткан 7 миллионунун 6 миллиону сарпталды.

Шайлоого катышып жаткан 23 партиянын арасынан шайлоо фондуна башкаларга караганда эң аз каражат чогулта алган партия - бул Элдик-демократиялык партия болууда. Анын эсебине 90 миңдей гана акча түшкөн.

25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлашат. (RK)

XS
SM
MD
LG