Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:23

14-ноябрга карата аба ырайы


14-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болушу мүмкүн, калган аймактарда болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарына туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, түндүк тарабында -10...-15, күндүз 6...11, түндүк тарабында 2...7,
Талас облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 4...9,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, чыгыш тарабында -6...-11, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6,
Тоолордо түнкүсүн -15...-20, ал эми күндүз -4...-9 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9 градус суук, күндүз 8...10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG