Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү Индиянын Жавахарлал Неру атындагы эң ири мамлекеттик университети өткөргөн эл аралык конференцияга катышып келди. Аталган университеттин Тил, адабият жана маданият факультети уюштурган бул конференция Улуу Жибек жолундагы билим, маданият жана тарыхый-архитектуралык мурас жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө арналды. Ага Беларус, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Орусия жана Тажикстандын жаш окумуштуулары, тарыхчылары катышты.
Конференциянын алкагында маданий программа да тартууланып, индиялык студенттер кыргыздын улуттук кийимин кийип алып хинди тилинде "Манастан" үзүндү айтып берди. Аларды кыргыздын улуттук маданияты менен тааныштырууда Неру университетинин докторанты, Кыргызстандан барган Индира Мусаеванын эмгеги чоң экенин Тышкы иштер министрлиги кабарлоодо. (RK)