Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

ИИМ унаа жол тартибин бекемдөөнүн жаңы ыкмасын сунуштоодо


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги унаа жол тартибин жөнгө салып, бекемдөөнүн жаңы ыкмасын сунуштады. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору иштелип чыгып, коомчулуктун талкуусуна салынды. Ага ылайык, тыюу салынган жерге коюлган машинаны унаа кыймылына жана адамдардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан учурда атайын шаймандар менен жүктөп алып кетүү сунушталууда.

Милициянын маалыматы боюнча, соңку жылдары Кыргызстанда унаа көбөйдү. Машинасын уруксаты жок жерге коюп кеткендер да көп. Алар уурулуктун жана түрдүү жол кырсыктарынын себепкери болгон учурлар да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG