Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

HRW Обаманы Камбожадагы абалга көңүл бурууга чакырды


Адам укугун коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюму АКШ президенти Барак Обаманы келерки аптага болжонгон Камбожага сапарында адам укугунун абалына көңүл бурууга чакырды. Уюмдун бүгүн жарыяланган баяндамасында акыркы жыйырма жыл ичинде Камбожада үч жүздөн ашуун адам саясий мүнөздө жок кылынганы айтылат. Алардын арасында оппозиционерлер, активисттер жана журналисттер болгон. Документте буйрутма өлүмгө тиешеси бар делген жогорку кызматтагы адамдардын аттары аталган.

Барак Обама келерки дүйшөмбүдө Камбожанын борбору Пномпенде өтчү Чыгыш-Азиялык саммитке катышат. Ал Камбожага келген биринчи АКШ президенти болмокчу.

XS
SM
MD
LG