Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Обама: Ооганстандагы генерал өз ишин уланта бере алат


Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карней Ооганстандагы америкалык аскерлерди башкарган Жонн Аллендин иши тергөөдө болгонуна карабастан президент Обама ал өз ишин уланта бере алат деген ишенимде экендигин бышыктады. Карней бирок Жонн Алленди АКШнын Европадагы күчтөрүн башкарууга көрсөтүүнү койо туруу сунушун президент колдогонун кошумчалады. Жонн Аллендин европалык күчтөрдүн жетекчилигине бекитүү маселеси АКШнын Сенатында эртең колго салынмак. Иликтөөнүн жүрүшүндө Аллен менен Жилл Келли деген аялдын ортосунда 2010-2012-жылдары миңдеген электрондук кат алмашуу болгондугу аныкталган. Мунун алдында ЦРУнун директору Петреус өзүнүн биографиясын жазган аял менен мамилеси билинип калгандан кийин өткөн жумада өз арызы менен иштен кеткен эле. Жонн Аллен Петреустун ордуна Ооганстандагы америкалык аскер башчысы болуп былтыр жайда дайындалган болчу. Алленге кандай кине коюлуп так маалым эмес.

XS
SM
MD
LG