Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Франция Сириянын оппозициялык коалициясын тааныды


Франция жаңы түзүлгөн оппозициячыл биримдигин Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп расмий түрдө тааныды.

Президент Франсуа Олланд Париждеги маалымат жыйынында Франция Сириянын Улуттук коалициясын таанырын жана бул органды болочоктогу демократиялык Сириянын убактылуу өкмөтү катары көрөөрүн билдирди.

Сириянын президенти Башар ал-Асаддын өкмөтүнө каршы чыккан оппозициячыл күчтөр 20 айлык куралдуу кармаштан кийин Катарда жекшемби күнү жаңы кеңири коалиция түзүүгө макулдашкан. Шейшембиде Араб лигасы жана Евробиримдик сириялык жаңы оппозицияны колдоорун жарыялаган.

Франция Ливиядагы Муаммар Каддафинин режимине каршы чыккан өткөөл өкмөттү да биринчи болуп расмий тааныган эле

XS
SM
MD
LG