Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

БУУда Босниянын бүтүндүгү коркунуч алдында турганы айтылды

Босниядагы тынчтык чабарманы Валентин Инцконун шейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинде билдиришинче, акыркы учурда серб саясатчыларынын мамлекеттүүлүккө каршы сепартисттик билдирүүлөрү көбөйгөн. Мындан улам Боснияны сербдердин куралдуу жол менен бөлүп-жаруу аракеттери болушу мүмкүн экенин Инцко эскертти.

Инцконун докладын БУУдагы Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин өтө ашыкча кооптонуу менен даярдалган деп баалады.

1992-95-жылдардагы Босния мусулмандары, сербдер жана хорваттар ортосундагы согушка АКШнын арачылыгы менен түзүлгөн тынчтык келишими чекит койгон. Бул келишимге ылайык, өлкө эки жарым автономияга: серб калктуу Српска Республикага жана Мусулман-Хорват федерациясына бөлүнгөн. Босниялык сербдер Босния-Герцеговинадан чыгып кетээрин маал-маал айтып, коркутуп келет.
XS
SM
MD
LG