Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Аукционду үзгүлтүккө учураткандардын соту болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстан жаңы күчтөр” кыймылынын теңтөрагасы Кадырбек Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, сот жараяны Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат. Анда айыпталуучу катары “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов жана “Кыргызстан жаңы күчтөр” кыймылынын мүчөлөрү Кубат Токсобаев, Карыпбек Серенов, Ыргалай Бекмуратова, Жаркын уулу Абдимажит, Асылбек Чолпонбаев жана Асан Жаксыбек тартылууда. Аларга 26-августта Коомдук телерадио корпорациясына кирип, 12 кенди иштетүү боюнча чет элдик инвесторлордун катышуусунда өтүп жаткан аукционду үзгүлтүккө учуратканы үчүн Кылмыш кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча иш козголгон.

Учурда айыпталуучулардын ичинен Салмоорбек Дыйканов 3-октябрдагы бийликти басып алуу аракетине катышты деген айып менен УКМКнын тергөө абагында камалган.

XS
SM
MD
LG