Өкмөт үйүнө кирген автоунаалардын текшерилип жатышын бүгүнкү парламент отурумунда айрым депутаттар тинтүү катары сыпатташты. Депутаттардын басымдуу бөлүгү текшерүү айрым депутаттарга гана багытталып, президенттик, өкмөттүк администрациянын карамагындагы автоунаалар текшерилбей өткөрүлүп жатат деп билдиришти. “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Мыктыбек Абдылдаев мындай мамиле "коменданттык саатты эске салып жатат" деп билдирди. Депутат Токон Мамытовдун пикиринде нааразылыкка коопсуздук кызмат башчыларынын кесипкөй эмес, орой аракеттери себеп болууда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттар аптасына эки ирет текшерилерин билдирип, муну жардыруучу затка байланыштуу оперативдүү маалымат тууралуу кат келгендиги менен негиздеди. Депутаттардын билдиргендерине караганда текшерүү дүйшөмбү күндөн бери жүрүп жатат. (BuS)