Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

"Ата-Журт" депутаттарынын камалуусун териштирүү сунушу өткөн жок


"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун камалышынын конституциялык мыйзамдуулугун териштирүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү сунуш парламент отурумунда колдоо тапкан жок. Комиссия түзүү чечимин "Ата-Журт" фракциясы депутат Жылдыз Жолдошеванын долбоорунун негизинде кабыл алып, сессиянын кароосуна берген.
Баш прокуратуранын чечимине ылайык аталган үч депутат 3-октябрда уюштурулган митинг учурунда Конституциялык түзүлүштү кулатууга, бийликти басып алууга аракет жасашты деп, Кылмыш кодексинин 295 жана 297-беренелеринин негизинде эки айга камакка алынышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG