Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

"Маймак" бажы бекети ачыла элек


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков билдирди. Депутаттын айтымында бажы тосмосунун айынан азыр көмүрдүн баасы 3 миң сомдон 8 миң сомго өсүп, дыйкандар кызылчасын Кайыңды-Кант заводуна иштетүүгө жеткире албай жатышат. Бул маселе боюнча парламентте бүгүн өкмөт маалымат берери күтүлүп жатат.
Кыргыз-казак чек арасындагы Маймак темир жол станциясына бажы тосмосун Казакстан акыркы ирет 2-августта коюп, бирок өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра 24-октябрда ачкандыгы мурда маалымдалган. Маймак темир жол станциясы аркылуу кант кызылчасынан тышкары Казакстандан, Орусиядан күйүүчү, майлоочу май, мазут, битум сыяктуу жүктөр ташылып турат.

XS
SM
MD
LG