Жогорку Кеңештин сессиясы Жогорку Кеңештеги "Ата журт" фракциясынын депутаттары Нариман Түлеевдин камалышы жана Нурлан Сулаймановго каршы кылмыш ишинин козголушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын тыянагын талкуулап жатат. Сессияга катышып жаткан баш прокурор Аида Салянова Нариман Түлеевдин мыйзамсыз камалды деген дооматын төгүндөп, бардык аракеттер сот чечимдеринин негизинде жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Комиссия төрагасы, депутат Курманбек Осмонов Түлеевди кармоо, камоо иштери мыйзамсыз болгон деген комиссиянын тыянагын буга чейин жарыялаган. Түлеев коррупциялык иштерге аралашып, өзгөчө оор кылмыш жасады деген негиз менен 25-июнда камакка алынган.
Ал эми мурдагы Транспорт жана байланыш министри, депутат Нурлан Сулаймановго кылмыш иши аудитордук текшерүүлөдүн негизинде 304-берененин негизинде ушундай эле өзгөчө оор кылмыш жасады деп козголгон. Курманбек Осмоновдун билдиргенине караганда депутат Сулайманов учурда Германияда дарыланып жатат.